# 2-берене. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлер

- Документ: [Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111229)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 185 "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2050/edition/1273539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111229/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө, 2-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-2

---

1. Сутканын убактысына карабастан төмөнкүдөй жерлерде балдардын болуусуна тыюу салынат:

1) юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сексуалдык мүнөздөгү гана товарларды сатууга арналган объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);

2) пиво сатуучу ресторандарда, сыра, шарап барларында, алкоголдук азыктарды, анын негизинде даярдалуучу пивону жана башка ичимдиктерди гана сатууга арналган башка орун-жайларда.

2. Түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз, балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын коштоосусуз балдардын болушуна төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:

1) көчөлөрдө, стадиондордо, парктарда, гүл бакчаларда;

2) жалпы пайдалануудагы транспорттук каражаттарда;

3) балдар жүргүнчү болгон учурларды кошпогондо, вокзалдардын жана аэропорттордун аймактарында;

4) көлмөлөрдө жана аларга жанаша аймактарда;

5) көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлеринде, көп батирлүү турак үйлөргө жанаша аймактарда, анын ичинде балдар жана спорт аянтчаларында;

6) мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, анын негизинде даярдалган пивону жана ичимдиктерди чекене сатуу каралган, соода кылуу жана коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга арналган (уюмдар же пункттар), көңүл ачууларга, бош убакытты өткөрүүгө арналган (анын ичинде оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);

7) "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармакка жетүүнү камсыз кылууга арналган (анын ичинде интернет-кафе, интернет-клубдар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында).

3. Ушул берененин колдонулушу төмөндөгү учурларга жайылтылбайт:

1) 31-декабрдан 1-январга караган түнкү убакытка;

2) негизги жалпы, орто жалпы билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуунун аякташына арналып, жалпы билим берүүчү мекемелерде жана баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелерде көрсөтүлгөн мекемелердин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү мезгилине;

3) мамлекеттик органдар уюштурган майрамдык иш-чараларды өткөргөн убакытка.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-1)  
Кийинки берене: [2-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-2-1)
