# 2-1-берене. Балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111229)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 185 "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-2-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2050/edition/1273539/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө, 2-1-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-2-1

---

1. Балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, алардын арасында таратууга тыюу салынган маалыматка төмөнкү маалыматтар кирет:

1) балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу иш-аракеттерди жасоосуна, анын ичинде өз ден соолугуна зыян келтирүүгө, өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүүчү;

2) балдардын баңги зат каражаттарын, психотроптук же маң кылуучу заттарды, курамында баңги заттар бар дары-дармектерди, тамеки буюмдарын, никотин камтылган продукцияларды, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны, сыраны жана анын негизинде жасалуучу суусундуктарды, энергетикалык суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик менен алектенүүгө каалоосун козгоого жөндөмдүү;

3) зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздөөчү же актоочу, же болбосо ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адамдарга же жаныбарларга карата зордук-зомбулук аракетин жүзөгө ашырууга түрткү берүүчү;

4) үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү;

5) укукка каршы жүрүм-турумду актоочу;

6) уят сөздөрдү камтуучу;

7) порнографиялык мүнөздөгү маалыматты камтуучу.

2. Белгилүү бир жаш курактагы балдар арасында жайылтууга чектөө киргизилген маалыматка төмөнкү маалыматтар кирет:

1) мыкаачылыкты, дене бой же психикалык зомбулукту, кылмышты же коомго каршы башка аракетти сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү, балдардын кооптонуу, коркуу же дүрбөлөң сезимин жаратуучу, анын ичинде зомбулуксуз өлүм, оору, өзүн-өзү өлтүрүү, күтүүсүз кырсык, жол кырсыктары же катастрофалар жана алардын кесепеттеринин адамдын кадыр-баркын кемсинтүү формасында сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;

2) эркек менен аялдын ортосундагы жыныстык мамилени сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;

3) уят сөздөргө кирбеген уруш сөздөрдү жана туюнтмаларды камтыган.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-3)
