1-берене
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 226-2-статьяда:
аталышындагы "Террорчулук мүнөздөгү" деген сөздөр "Террорчулук же экстремисттик мүнөздөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-бөлүктө:
3) "226, 226-1, 227, 229, 232, 294, 296, 376" деген цифралар "226, 226-1, 226-3, 227, 229, 232, 294, 296, 299-299-2, 376" деген цифралар менен алмаштырылсын;
бөлүк "террорчулук" деген сөздөн кийин "же экстремисттик" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацтагы "үч жылдан алты жылга" деген сөздөр "сегиз жылдан он эки жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Ошол эле жосундар:
1) адам өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен;
2) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2. 24-глава төмөнкүдөй мазмундагы 226-4-статья менен толукталсын:
"226-4-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү (1) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалдануу белгилери болбостон чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу, террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтүшү, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
3. 375-статьяда:
1-бөлүктүн биринчи абзацында "Жалданмачыны" деген сөздөн кийин "террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдоо," деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацында "үч жылдан жети жылга" деген сөздөр "сегиз жылдан он беш жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;
4) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; эскертүү "Материалдык акы алуу" деген сөздөрдөн кийин "же башка кызыкчылык" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111228/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>