# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111226)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111226/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2047/edition/682696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111226/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111226/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 346-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 349-статьяда:

биринчи абзацында "жана" деген сөз "жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 350-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 350-1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

5. 350-2-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

6. 350-3-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

7. 351-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"351-статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле башка салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле башка салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү жана салык салуу менен байланышкан башка документтерди мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

8. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 351-1-статья менен толукталсын:

"351-1-статья. Салыктарды мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөө Салыктарды мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөө - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.". Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111226/st-2)
