# 40-3-статья. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111224)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 180 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-40-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2045/edition/660122/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 40-3-статья (20.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-40-3

---

1. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан алардын ичинен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

Коомдун Директорлор кеңеши каалаган учурда Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өзүнүн төрагасын кайрадан шайлоого укуктуу.

2. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы анын ишин уюштурат, коомдун Директорлор кеңешинин жыйналыштарын чакырат жана аларга төрагалык кылат, жыйналыштарда протокол жүргүзүүнү уюштурат.

3. Директорлор кеңешинин төрагасы жок учурда, анын иш милдеттерин коомдун Директорлор кеңеши тарабынан андай ыйгарым укук берилген Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири аткарат.".

3. 41-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "аткаруучу органынын" деген сөздөн кийин ", Директорлор кеңешинин" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [40-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-40-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-3)
