# 40-2-статья. Коомдун Директорлор кеңешин шайлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111224)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 180 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-40-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2045/edition/660122/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 40-2-статья (20.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-40-2

---

1. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү анын катышуучуларынын жалпы чогулушунда ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте, катышуучулардын жалпы чогулушунда аныкталган мөөнөткө шайланышат.

Эгерде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, ал эми Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда Директорлор кеңеши өз милдеттерин Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткарат. Коомдун Директорлор кеңешинин курамына шайланган адамдар чексиз көп жолу кайрадан шайланышы мүмкүн. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Директорлор кеңешинин кайра чакырып алынган (чыгып кеткен) мүчөсүнүн ордуна Директорлор кеңешинин курамына кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда токтотулат. Директорлор кеңешинин курамындагы ар кандай өзгөрүүлөр, эгерде Директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын курамынын жарымынан азыраак болсо, Директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун катышуучусу болуп саналбашы мүмкүн; коомдун Директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга коюлуучу талаптар коомдун уставы же анын катышуучуларынын жалпы чогулушу бекиткен ички документ менен белгилениши мүмкүн.

3. Коомдун Директорлор кеңешинин сандык курамы так санда болууга, коомдун уставы же катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталууга тийиш жана мүчөлөрү 3төн аз жана 7ден көп болбойт.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-2)  
Кийинки берене: [40-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-40-3)
