2-берене
Күчүндө · 20.07.2015 редакциясы
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомду башкаруу
1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун жогорку органы болуп анын катышуучуларынын жалпы чогулушу эсептелет.
2. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдо Директорлор кеңеши түзүлүшү мүмкүн. Директорлор кеңешин түзүү жана ишмердүүлүгүнүн тартиби, анын компетенциясы, ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби, анын ичинде коомдун Директорлор кеңешинин төрагасынын компетенциясы ушул Мыйзам жана коомдун уставы тарабынан аныкталат.
3. Жеке жак гана Директорлор кеңешинин мүчөсү боло алат. Директорлор кеңешинде добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле убакта коомдун аткаруучу органынын (коллегиалдуу же жеке) мүчөсү, ошондой эле коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчү) мүчөсү боло албайт.
4. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө алар өз милдеттерин аткарган мезгилде сыйакылар төлөнүшү жана (же) алардын өз милдеттерин аткарууга байланышкан чыгымдары компенсацияланышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрү коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен белгиленет.
5. Коомду башкаруу органдарынын компетенциясы, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун жана коомдун атынан иш алып баруунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана коомдун уюштуруу документтери менен аныкталат.
6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун уставын өзгөртүү, анын ичинде анын уставдык капиталынын көлөмүн өзгөртүү;
2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу (коомдо Директорлор кеңеши жок болсо), ошондой эле коом уюштурулган жана жоюлган учурда коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу;
3) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү жана анын пайдалары менен зыяндарын бөлүштүрүү;
4) коомду өзгөртүп уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
5) коомдун текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү) шайлоо;
6) коомдун Директорлор кеңешин түзүү жана кайра чакырып алуу.
Коомдун уставында жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясына башка маселелерди чечүү киргизилиши мүмкүн. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына кирген маселелер алар тарабынан коомдун аткаруучу органынын же Директорлор кеңешинин чечүүсүнө берилиши мүмкүн эмес.
7. Коомдун уставында Директорлор кеңеши бар коомдордо катышуучулардын жалпы чогулушу ушул статьянын 6-пунктунун 3-пунктчасында аталган көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимди Директорлор кеңеши коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын алдын ала жактыргандан кийин жана Директорлор кеңешинин коомдун пайдаларын жана зыяндарын бөлүштүрүү жагынан сунуштамалары болгон учурда кабыл ала тургандыгы каралышы мүмкүн.
8. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун ар бир катышуучусу жалпы чогулушта коомдун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө пропорциялуу сандагы добуштарга ээ болот.
9. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунда чечим добуштардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен, ал эми ушул статьянын 6-пунктунун 1-пунктчасында каралган маселе боюнча добуштардын жалпы санынын үчтөн экиси менен кабыл алынат. Ушул статьянын 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган маселе боюнча чечим бардык катышуучулардын бир добуштан чечими менен кабыл алынат.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде катышуучулардын жалпы чогулуштарында чечимдерди кабыл алуунун ушул статьяга салыштырмалуу башкача тартиби каралышы мүмкүн.
10. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары жалпы чогулушта өздөрүнүн ыйгарым укуктарын коомдун башка катышуучусуна өткөрүп берүүгө укуктуу.
11. Жалпы чогулушка жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун атынан айрым мөөнөткө дайындалган анын өкүлү катыша алат.
12. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу ушул статьянын 10- жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ыйгарым укуктарын, бул тууралуу аларга билдирүү, ошондой эле башка катышуучуларга же аткаруучу органга билдирүү менен каалаган мезгилде токтото алат.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 40-1 - 40-3-статьялар менен толукталсын:
"40-1-статья. Директорлор кеңешинин компетенциясы
1. Коомдун Директорлор кеңешинин компетенциясы ушул Мыйзамга ылайык коомдун уставы менен аныкталат. Коомдун Директорлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кириши мүмкүн:
1) коомдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктоо;
2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу (буга коом уюштурулган жана жоюлган учурлар кирбейт);
3) коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткаруучу орган тарабынан аткарылышын контролдоо;
4) коомдун жеке аткаруучу органына, коомдун коллегиалдуу аткаруучу органынын мүчөлөрүнө, башкаруучуга сыйакынын жана акчалай компенсациялардын өлчөмүн белгилөө;
5) коммерциялык уюмдардын ассоциацияларына жана башка бирикмелерине коомдун катышуусу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
6) коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу;
7) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын алдын ала жактыруу жана анын пайдаларын жана зыяндарын бөлүштүрүү;
8) коомдун уставында каралган башка маселелер.
Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү добуш берүү укугун өткөрүп беришине, анын ичинде коомдун Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнө өткөрүп беришине жол берилбейт.
Берененин тексти 20.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111224/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>