# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111224)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 180 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2045/edition/660122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111224/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (20.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 131-статьяда: 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Коомдун уставында Директорлор кеңешин түзүү каралышы мүмкүн."; 3-пунктта: 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) коомдо Директорлор кеңеши болбогон учурда, эгерде коомдун уставында бул маселелер Директорлор кеңешинин компетенциясына кирбесе, коомдун аткаруучу органын түзүү жана чакырып алуу;"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пунктча менен толукталсын: "2-1) коомду уюштурууда жана жоюуда аткаруучу органды түзүү жана чакырып алуу;"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: "6) коомдун Директорлор кеңешин түзүү жана чакырып алуу."; үчүнчү абзац "аткаруучу органына" деген сөздөрдөн кийин "же Директорлор кеңешине" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111224/st-2)
