# КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2025/edition/658726/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111204

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 14-июлу № 160 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111204/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 77-статьяда: экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш беш, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз сексен, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111204/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
