# КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2022/edition/658149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111201

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 20-марты № 66 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111201/st-1)

"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары - кинематография) сактап калууга жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан кепилдиктердин камсыз кылынышы;".

3. 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:

"1-1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин ишинин багыттарын аныктайт жана аны мамлекеттик колдоо тартибин белгилейт.".

4. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.".

5. 3-статьянын он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Фильмдин баштапкы материалдары - фильмдин негативи, контратиби, контролдук көчүрмөсү, кайра жазып алуулардын, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы, видеофонограмма - мастер, компакт-диск, катуу диск, сүрөт материалдар жана фильмди кандай болбосун материалдык формада нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар. Киносанжыранын баштапкы материалдары - негатив, видеофонограмма - мастер, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы жана фильмди кандай болбосун материалдык формада чыгаруу жана нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.".

6. 4-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын.

7. 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

8. 10-статьянын 2-бөлүгүндө "70 пайызынан" деген сөздөр "51 пайызынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 13-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "улуттук архивдик фонд чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111201/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
