# КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 155 "Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 155 "Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2019/edition/657924/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 155 "Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Мыйзамы (14.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111198

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 14-июлу № 155 Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111198/st-1)

1979-жылдын 26-октябрында кабыл алынган Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулсун.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111198/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга кошулуу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111198/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ядролук материалды физикалык коргоо үчүн жооптуу борбордук орган болуп аныкталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111198/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
