# 68-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111197)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111197/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2018/edition/657922/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 68-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111197/st-68

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "68-статья. Жеке, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ишканалар жана уюмдар тарабынан белгиленген квоталардын эсебинен жарандарды жумушка алуудан негизсиз баш тартуу Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген квоталардын эсебинен жеке, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ишканаларга жана уюмдарга жиберилген жарандарды жумушка алуудан негизсиз баш тартуусу, - иш берүүчүлөргө же иш берүүчүлөрдүн кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - иш берүүчүлөргө же иш берүүчүлөрдүн кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана уюмдардын кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет."; 72-статьяда: статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "72-статья. Иш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу"; статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "ишке жалдоочу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "иш берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын: "Иш берүүчүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу:

- жумушка алууда башка талапкерлерге салыштырмалуу кошумча сыноолорду белгилөөсү;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мөөнөттөн ашык ишке, түнкү убакытта жана дем алыш күндөрү ишке алардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз тартуусу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга жеке реабилитациялоо программасына ылайык келген жумуш ордун түзүп берүүдөн баш тартуусу;

- башка кызматкерлерге салыштырмалуу эмгек акысын негизсиз азайтуусу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген иштеген адамды жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иш сапарга жөнөтүү;

- МСЭК корутундусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын саламаттыгынын абалы кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же болбосо саламаттыгына жана эмгек коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, анын макулдусуз жана майыптыгынын жүйөсү боюнча башка жумушка которуусу;

- ушул уюмда кырсыктын же кесиптик оорунун кесепетинен майыптыкты алган кызматкер үчүн жумуш ордун бөлүп берүүдөн же түзүүдөн баш тартуусу, -

иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет."; глава төмөнкүдөй мазмундагы 79-1-статья менен толукталсын: "79-1-статья. Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды белгиленген квоталардын эсебинен ишке орноштуруудан баш тартуусу Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды белгиленген квоталардын эсебинен ишке орноштуруудан баш тартуусу, - иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.".

2. 10-главада:

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111197/st-1)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111197/st-85)
