# 634-2-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу шарттары

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111195)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 13-июлундагы № 152 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111195/st-634-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2016/edition/657278/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 634-2-статья (13.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111195/st-634-2

---

1. Укук бузуучулар коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштерди аткаруу үчүн ички иштер органдарына үч күндүн ичинде келүүгө, коомдук иштер аткарыла турган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ички тартип эрежелерин сактоого, ишке ак ниеттүү мамиле кылууга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрацияларынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, сот белгилеген коомдук иштердин мөөнөтүн иштеп бүтүүгө, жашаган жерин алмаштыргандыгы жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүү.

2. Коомдук иштердин бир суткадагы узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:

1) иштебеген укук бузуучулар үчүн - сегиз сааттан;

2) иштеген укук бузуучулар жана окуучулар үчүн - төрт сааттан.

3. Укук бузуучуга негизги иштеген жери боюнча кезектеги эмгектик өргүү берүү коомдук иштерди аткарууну токтотпойт.

4. Жүйөөлүү себептер болгондо, ички иштер органдары укук бузуучуларга бир жуманын ичинде азыраак сандагы сааттарды иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.

5. Укук бузуучу коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштердин мөөнөтүн эки айдан кечиктирбестен иштеп бүтүүгө тийиш.

6. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруучу жер боюнча ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясына укук бузуучулар өздөрүнө аныкталган иштерди аткаргандыгын контролдоо, иштелип бүткөн убакыттын эсебин алуу, иштелип бүткөн сааттардын саны жөнүндө, укук бузуучулар коомдук ишти аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу ички иштер органдарына кабарлоо, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

7. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдары коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун чечимин аткарбагандыгы ушул Кодекстин 422-статьясына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".

5. 44-глава төмөнкүдөй мазмундагы 634-3-статья менен толукталсын:

"634-3-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруудан кыянаттык менен качуу

1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруудан кыянаттык менен качуу деп төмөнкүлөр таанылат:

1) бир жуманын ичинде эки жолудан ашык жүйөлүү себепсиз коомдук иштерге чыкпай коюу;

2) коомдук иштерди аткаруу тартибин жана шарттарын эки жолудан ашык бузуу;

3) коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтомун белгиленген мөөнөттөрдө аткарбоо.

2. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда ички иштер органдары коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жаза чарасын администрациялык камакка алуу түрүндөгү администрациялык жаза чарасына алмаштыруу жөнүндө сотко сунуш киргизет.".

6. VI бөлүмдөгү "коомдук иштер" деген түшүнүктөгү ", анын түрү сот тарабынан аныкталат" деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111195/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111195/st-2)
