# КР 2015-жылдын 8-июлундагы № 150 "2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 8-июлундагы № 150 "2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2014/edition/656871/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 8-июлундагы № 150 "2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы (08.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111193

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 8-июлу № 150 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111193/st-1)

Ратификациялансын:

- 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытайдын Кыргызстанга жеңилдетилген кредит берүүсү жөнүндө алкактык макулдашуу;

- 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Зайымчы катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыккан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча займ алуу жөнүндө Өкмөттүк концессиялык макулдашуу;

- 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Зайымчы катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыккан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуу.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111193/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111193/st-3)

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Өкмөттүк концессиялык макулдашуунун жана Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111193/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
