# 8-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191#diff=929276..929277>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 8-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-8

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;

2) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;

3) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык:

1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамда же келишимде жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоого багытталган акча каражаттарын жыл сайын карайт;

3) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;

4) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-9)
