# 5-берене. Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 5-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-5

---

Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүшүн жакшыртууга багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана каржылоо;

2) жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоонун стандарттарын иштеп чыгуу жана аткаруу;

3) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун жакшыртуу үчүн заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдонууга киргизүү;

4) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

5) мамлекеттик программалардын алкагында юридикалык, социалдык, маалыматтык-усулдук жактан колдоону камсыз кылуу;

6) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү менчиктин бардык түрүндөгү саламаттыкты сактоо уюмдарына ак ниет атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүү;

7) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына контролду жана координацияны жүзөгө ашыруу;

8) репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин бекитүү;

9) жашы жете электерге багытталган гинекологияны жана андрологияны өнүктүрүү жана оптималдаштыруу;

10) жашы жете электердин сексуалдык билим алуусунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүү тутумунда окуу программаларын иштеп чыгуу жана кадрларды даярдоо.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-6)
