# 4-берене. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 4-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-4

---

1. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталган:

1) үй-бүлө институтун ар тараптан чыңдоого;

2) жынысынын жана жашынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо тутумун өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;

3) ата-энелерди балдардын төрөлүшүнө жоопкерчиликтүү болушуна тарбиялоо менен ден соолугу чың, эңсеп-күткөн балдардын төрөлүшүнө эркектер менен аялдардын аң-сезимдүү мамилесин калыптандырууга;

4) аялдар менен эркектердин сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашыруудагы бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө.

2. Кыргыз Республикасында жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууда адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо артыкчылыгы;

2) сексуалдык жана репродуктивдик көйгөйлөрүн чечүүдө гумандуулук, сый мамиле, маалыматтын купуялуулугу;

3) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоону уюштуруунун бардык баскычтарында медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;

4) мамлекеттик программалардын Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталышы.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-5)
