# 22-берене. Каалабаган кош бойлуулукту алдын алуунун хирургиялык ыкмасын пайдалануу укугу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2019 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191#diff=929277..929278>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 22-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-22

---

1. Каалабаган кош бойлуулукту алдын алуунун хирургиялык ыкмасын (хирургиялык стерилдештирүүнү) өз ыктыяры менен колдонуу укугуна нике курагына жеткен жарандар ээ болот.

2. Хирургиялык стерилдештирүү жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы менен бул операциянын болбой койбостугу жөнүндө алдын ала милдеттүү түрдө билдирүү менен гана жасалышы мүмкүн.

3. Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү шарттары менен тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Хирургиялык стерилдештирүүнүн белгиленген тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2019-жылдын 15-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-23)
