# 17-берене. Контрацепцияны колдонууга укук

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 17-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-17

---

1. Жарандар, зарыл болгон учурда, контрацепциянын ыкмаларын тандоого, аларды колдонууга, ошондой эле алардан баш тартууга укуктуу.

2. Жарандар контрацепциянын коопсуз, натыйжалуу жана алгылыктуу ыкмаларынын кеңири түрлөрүнөн пайдалануу укугуна ээ.

3. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу ыкмаларын жекече тандоо боюнча медициналык-социалдык жардам берүү ден соолугунун абалын, курагын жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, мүмкүн болуучу ар кандай кесепеттер жөнүндө эскертүү менен жүргүзүлөт. Медициналык жана социалдык көрсөтмөлөр болгон учурда жарандар каалабаган кош бойлуулукту алдын алуу каражаттарын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатында колдонуудагы программалардын алкагында ала алышат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-18)
