# 15-берене. Тукумсуздуктан дарылануу укугу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 15-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-15

---

1. Жарандар тукумсуздуктан коопсуз жана натыйжалуу ыкмаларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген көмөкчү репродуктивдик ыкмаларын жана технологияларын колдонуу менен дарыланууга укуктуу. Жарандар өздөрү алып жаткан медициналык кызматтардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу, аларды колдонуунун өтө ыңгайлуу мөөнөттөрү жөнүндө, мүмкүн болуучу ар кандай кесепеттер тууралуу толук жана ар тараптуу маалыматтарды жана алардын организмге тийгизүүчү таасири жөнүндө башка маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Никеде турган жарандар өз ара макулдашуу боюнча көмөкчү репродуктивдик технологияларын пайдаланууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, болочок балага карата тарбиялоо жана багуу боюнча ата-эненин тең укуктарына жана милдеттерине ээ.

3. Көмөкчү репродуктивдик технологияларын колдонуу менен тукумсуздукту дарылоо медициналык иштин ушундай түрүнө лицензиясы бар саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-16)
