# 14-берене. Коопсуз кош бойлуулукка укук

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 14-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-14

---

1. Аялдар кош бойлуулукка даярданууга, кош бойлуу кезинде ден соолугун коргоого, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн ден соолугуна, түйүлдүктүн жана жаңы төрөлгөн баланын ден соолугуна болгон тобокелди азайтуу ыкмаларын колдонуу аркылуу медициналык жардам алууга, төрөткө чейин жана төрөттөн кийин мамлекет тарабынан социалдык колдоого укуктуу.

2. Кош бойлуулук мезгилинде ар кандай медициналык кийлигишүү аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Кош бойлуу аялдын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайларда, аялдын абалы өз эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, чечим саламаттыкты сактоо уюмунун тийиштүү адистери тарабынан кабыл алынат.

3. Аял кош бойлуулукка, боюнан алдырууга мажбурландырылбайт. Мындай аракеттерди аялга зордук көрсөтүү катары кароо керек.

Аялды буга мажбур кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-15)
