# 13-берене. Жашы жете электердин репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы укуктары

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 13-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-13

---

1. Жашы жете электер өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын сактоо жана коргоо, ошондой эле сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жана укук, үй-бүлөлүк жашоого даярдануу жаатындагы маалыматтарды жана билимдерди алууга укуктуу.

2. Билим берүү уюмдары жашы жете электердин маалыматтарга жана сексуалдык билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жооптуу.

3. Жашы жете электердин жаш курагына жараша муктаждыктарын эске алуу аркылуу саламаттыкты сактоо органдары менен биргеликте иштелип чыккан жана бекитилген программалар боюнча окутуу жүргүзүлөт. Окутууга тийиштүү даярдыгы бар адистер тартылат.

4. Саламаттыкты сактоо уюмдары жашы жете электердин сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатындагы маалыматка жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн жооптуу.

5. Үй-бүлөдө жашы жете электердин сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу үчүн жоопкерчиликти ата-энелер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү алышат.

6. Маалымат жана консультация берүүнү кошпогондо, 16 жашка толо элек адамга сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу чөйрөсүндө медициналык кийлигишүү жашы жете электин жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу боюнча жүргүзүлөт.

7. Жашы жете электерге сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-14)
