# 10-берене. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2012/edition/929276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111191/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө, 10-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-10

---

1. Жарандар жынысына, расасына, жаш курагына, этноско таандуулугуна, тилине, майыптыгына, үй-бүлөлүк абалына, туткан динине, саясий же башка көз караштарына, алган билимине, ата-тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо укугуна ээ.

2. Жарандар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү толук жана эркин маалымдалган макулдугусуз сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугуна байланышкан медициналык эксперименттерге дуушар болбошу керек.

3. Жарандар өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашыруусуна байланыштуу органдардын, уюмдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине (же аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга же сотко даттануу жолу менен өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын коргоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111191/st-11)
