5-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 13-статьяда:
5-пунктунда "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", ошондой эле жарандарды каттоо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пунктунда "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр ", ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 15-статьянын 1-пунктунда "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каттоого алуучу орган болуп саналат" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жарандарды каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111185/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>