# 11-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111185/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2006/edition/1234096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111185/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 11-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111185/st-11

---

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 13-январы, № 2) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 4-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) өз компетенциясынын алкактарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;";

2. 7-берененин 2-4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн которулган каражаттардын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырат жана карантиндик жана башка чектөөчү чараларды жүргүзүүдө уюштуруучулук жана чарбачылык иш үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкактарында ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы иш-чараларды аткарууну камсыз кылат.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында табылган оорулуу жаныбарларды жок кылууну жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди талаптагыдай күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.".

3. 12-берененин 3-бөлүгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111185/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111185/st-12)
