Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 25-июну № 137 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 14-2-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7) коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка же болбосо сот адилеттүүлүгүнө шек келтирген административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн бир жылдын ичинде кайталап административдик жоопкерчиликке тартылгандар.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 35
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 5001-V «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 23.04.2015 · № 5001-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 28-майындагы № 5142-V "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 28.05.2015 · № 5142-V