# 8-берене

- Документ: [Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111179)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июнундагы № 136 "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2000/edition/653390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111179/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө, 8-берене (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-8

---

1. Мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгону жөнүндө зарыл болгон маалыматтар болбогондо, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.

2. Ушул Мыйзамдын аткарылышы жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонуу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон материалдарды тиешелүү мекемелерден суратып алуу укугу берилет. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга жатат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-9)
