# 6-берене

- Документ: [Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111179)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июнундагы № 136 "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2000/edition/653390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111179/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө, 6-берене (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-6

---

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна төмөнкү адамдар туш келет:

1) кылмыш жасаган, ошондой эле ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттолгон;

2) Кыргыз Республикасынын соттору, ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазаны өтөп жаткандар.

Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок жазаны анын чегинен тышкары өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орун басарларынын санкциясы менен соттун өкүмүн аткаруу анын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык келишимдердин негизинде чечилет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-7)
