# 18-берене

- Документ: [Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111179)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июнундагы № 136 "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2000/edition/653390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111179/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө, 18-берене (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-18

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга жатат.

2. Тергөөнүн же соттун өндүрүшүндө болгон жана ушул Мыйзамга ылайык токтотулууга жаткан жазык иштери 15 күндүн ичинде токтотулууга жатат.

3. Ушул Мыйзамга ылайык жазаны өтөөдөн (андан ары өтөөдөн) бошотулууга жаткан адамдар ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен бошотулат.

4. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде анын аткарылышы үчүн жооптуу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын колдонулушуна туш келген адамдарга карата мунапыс актысы колдонулбаса, мунапыс актысы кандай болбосун башка убакта колдонулушу мүмкүн.

5. Ушул Мыйзамдын көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаганына же талаптагыдай эмес аткарылганына күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-17)
