# 16-берене

- Документ: [Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111179)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июнундагы № 136 "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2000/edition/653390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111179/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө, 16-берене (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-16

---

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Токтомго соттолгон адамдын өздүк иши, сыйлоо жана жазалоо жөнүндө маалымкаттар жана мунапыс жөнүндө актыны колдонуу тууралуу маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.

3. Ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулганда прокурордун катышуусу милдеттүү.

4. Жазаны өтөө мунапыс жөнүндө актыны колдонуу тууралуу соттун токтому чыгарылган күндөн тартып токтотулат.

5. Доо береселери бар адамдарга карата жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим алар тарабынан материалдык зыяндын суммасы толук толтурулгандан кийин кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-17)
