16-берене
Күчүндө · 24.06.2015 редакциясы
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Токтомго соттолгон адамдын өздүк иши, сыйлоо жана жазалоо жөнүндө маалымкаттар жана мунапыс жөнүндө актыны колдонуу тууралуу маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.
3. Ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулганда прокурордун катышуусу милдеттүү.
4. Жазаны өтөө мунапыс жөнүндө актыны колдонуу тууралуу соттун токтому чыгарылган күндөн тартып токтотулат.
5. Доо береселери бар адамдарга карата жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим алар тарабынан материалдык зыяндын суммасы толук толтурулгандан кийин кабыл алынат.
Берененин тексти 24.06.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111179/st-16" title="16-берене - Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>