# 15-берене

- Документ: [Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111179)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июнундагы № 136 "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2000/edition/653390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111179/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө, 15-берене (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-15

---

Ушул Мыйзамдын аткарылышы төмөнкүлөргө жүктөлсүн:

1) жазаны аткаруу карамагына кирген органдарга жана мекемелерге - түзөтүү мекемелериндеги болгон соттолгондорго карата;

2) тергөө жана прокуратура органдарына - кылмыштары жөнүндө иштер жана материалдар ал органдардын өндүрүшүндө болгон адамдарга карата;

3) сотторго:

а) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыштары жөнүндө иштери сот өндүрүшүндө болгон жана карала элек адамдарга карата, ошондой эле алардын кылмыштары жөнүндө иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;

б) өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларына - сыноо мөөнөтү менен же ансыз эркиндигинен шарттуу бошотууга соттолгон адамдарга карата, ошондой эле жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга карата.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-16)
