# 14-берене

- Документ: [Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111179)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июнундагы № 136 "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2000/edition/653390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111179/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө, 14-берене (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-14

---

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн жашы жетпегендерге кылмыш жасалган учурда 18 жашка толо элек адамдар кирет;

2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аялдарга ата-энелик укугунан ажыратылбаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө 18 жашка толо элек балдары, анын ичинде асырап алган же болбосо көзөмөлчүлүккө алган балдары, же болбосо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар аялдар кирет;

3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө 55 жашка толгон же андан ашкан аялдар кирет;

4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата кош бойлуу аялдар жана аял жынысындагы жашы жетпегендер кирет;

5) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн көп балалуу аялдарга 5 жана андан ашык балдары бар жана аларды тарбиялап жаткан аялдар кирет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-15)
