# 1-берене

- Документ: [Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111179)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июнундагы № 136 "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2000/edition/653390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111179/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө, 1-берене (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-1

---

Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкүлөр бошотулсун:

1) аялдар:

а) үй-бүлөдө жападан-жалгыз багуучу болуп саналган;

б) бир же андан ашык жашы жетпеген балдары бар;

в) багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ата-энелери болгон;

2) 55 жаштан ашкан аялдар;

3) I жана II топтогу майыптыгы бар аялдар жана жашы жетпегендер;

4) кош бойлуу аялдар;

5) 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон аялдар жана жашы жетпегендер;

6) көп балалуу аялдар:

7) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан азды түзгөн аялдар жана жашы жетпегендер;

8) чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыш жасаган аялдар жана жашы жетпегендер.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111179/st-2)
