1-берене
Күчүн жоготкон · 17.07.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 17 июля 2023 года № 140.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берет.".
2. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жолтоо болбойт.".
3. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары үчүн окшош талаптар белгилениши мүмкүн.".
4. 11-статьяда төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Кыргыз Республикасында расмий мамлекеттик коомдук-саясий иш-чаралар (курултайлар, сессиялар, конференциялар, жыйналыштар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар) мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде өткөрүлөт жана синхрондук котормо менен камсыз кылынат.".
5. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздары мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат, башка тилдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.".
Берененин тексти 17.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111178/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>