# КР 2015-жылдын 17-июнундагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 17-июнундагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1995/edition/653388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 17-июнундагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111174

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 17-июну № 131 Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111174/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 7-статьянын 4-пункту "фондусунан," деген сөздөн кийин "үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111174/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-июнунда № 58 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү үчүн зарыл чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
