# КР 2015-жылдын 8-июнундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 8-июнундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1989/edition/651235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 8-июнундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (08.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111168

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 8-июну № 125 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111168/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Кажар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Кажар айылы деп аталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111168/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Мавлянов айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак калктуу конуштары айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Мавлянов айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак айылдары деп аталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111168/st-3)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылы деп аталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111168/st-4)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Кажар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Мавлянов айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык жаңы түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111168/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 12-июнунда № 54 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
