# КР 2015-жылдын 8-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 8-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1988/edition/1120020/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 8-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111167

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 8-июну № 124 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111167/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 54-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө мамлекеттик бюджеттин пайдасына жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө.".

2. 167-беренеде:

34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 44-пункт менен толукталсын: "44) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктары жана төлөп берүүчү суммалар, ошондой эле ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111167/st-2)

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 6-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111167/st-3)

Ушул Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
