# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111158/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1979/edition/1237683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111158/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө), 2-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111158/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 97-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 98-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө, анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Мында бул мөөнөт жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес. Жоюу комиссиясынан (жоюучудан) алынган маалымат беш жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредиторлорду аныктоого жана дебитордук карыздарды алууга бардык аракеттерди жасайт, ошондой эле юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө кредиторлорго жазуу жүзүндө кабарлайт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111158/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111158/st-3)
