# 6-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 6-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-6

---

Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөрдү берүү аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды өндүрүүгө, колдонууга, жок кылууга лицензияларды;

2) жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатууга лицензияларды;

3) өзгөчө товарларды (жардыргыч заттар, жардыруу каражаттары жана пиротехникалар) импорттоого жана экспорттоого лицензияларды;

4) кооптуу жүктөрдү ташууга уруксатты;

5) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксатты;

6) жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксатты;

7) жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксатты;

8) жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна уруксатты.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-7)
