# 22-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү учурунда аларды жоготуу

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153#diff=1250992..1250993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 22-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-22

---

1. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте техникалык териштирилүүгө тийиш. Ар бир ушундай учур жөнүндө жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинин жетекчиси бир күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.

2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурларын техникалык териштирүү боюнча атайын комиссияларды уюштуруу жөнүндө жана мындай комиссиялардын төрагаларын дайындоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурларын техникалык териштирүү боюнча атайын комиссияны уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алууга жана мындай комиссиянын төрагасын дайындоого укуктуу.

3. Техникалык териштирүү боюнча атайын комиссия териштирүүгө эксперттерди жана адистерди тарта алат.

Жардыргыч материалдардын жоголуу себептерин техникалык териштирүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан камсыздалат.

4. Жасалган жосундарда укук бузуунун жана кылмыштын белгилери болгондо техникалык териштирүүнүн материалдары тийиштүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлүүгө тийиш.

5. Жардыргыч материалдар жоголгон учурлар мамлекеттик статистикалык отчеттуулук формаларында эсепке алынууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-23)
