# 16-берене. Жардыргыч материалдарды сактоо

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153#diff=1250992..1250993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 16-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-16

---

1. Жардыргыч материалдарды сактоо уруксаты бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жардыргыч материалдар алардын сакталышын жана сактоо коопсуздугун камсыздаган, башка адамдардын кирүүсүнө жол берилбеген шарттарда сакталууга тийиш.

3. Жардыргыч материалдардын өз кампасы болбогон учурда, белгиленген тартипте сактоого тийиштүү уруксат алган жардыргыч материалдарды жүгүртүүчү башка субъекттерде жооптуу сактоо келишимдеринин негизинде, ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимди милдеттүү түрдө түзүү шарттарында жардыргыч материалдарды сактоого жол берилет.

4. Жардыргыч материалдардын кампалары (жер астындагыларды кошпогондо) ок атуучу курал менен куралданган күзөт тарабынан кайтарылууга тийиш (ведомстволук же келишим боюнча).

5. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сактоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-17)
