# 15-берене. Жардыргыч материалдарды ташуу жана алардын транзити

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153#diff=1250992..1250993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 15-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-15

---

1. Жардыргыч материалдарды ташуу уруксаттын негизинде жүргүзүлөт.

2. Коркунучтуу жүктөрдү (жардыргыч материалдарды) ташууга уруксат:

1) жардыргыч материалдарды кампадан алар колдонулуучу жерге чейин дайыма ташуунун негизинде жардыргыч материалдарды ташуу учурларында (буга юридикалык жактын бир аймагында жүзөгө ашырылуучу цехтер ортосундагы жана технологиялык ташуулар кирбейт) алты айдан ашпаган колдонуу мөөнөтү менен жардыргыч материалдардын конкреттүү санына (массасына);

2) ташуучу тарабынан билдирилген ташууларды жүзөгө ашыруу мөөнөтүнө, бирок ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн башка ташууларды жүзөгө ашыруу учурунда бир айдан ашпаган мөөнөткө - бир жолу ташууда ташылуучу жардыргыч материалдардын конкреттүү санына (массасына) берилет.

3. Өзгөчө кырдаалдарда жардыргыч материалдарды авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүчү, табигый кырсык болгон жерлерге ташуу ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө маалымдоо менен көрсөтүлгөн уруксатты алуусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Жардыргыч материалдарды ташуу маршруту милдеттүү түрдө ички иштер органдары менен макулдашылууга тийиш.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн уруксаттарды берүү, кайра тариздөө жана жокко чыгаруу тартиби, ошондой эле жардыргыч материалдардын сакталышын камсыздоого жана ташуу учурунда аларды куралдуу кайтарууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Жардыргыч материалдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Мында, жардыргыч материалдарды ташуунун бардык учурлары коркунучтуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу жаатында белгиленген талаптарга ылайык гана жүргүзүлүүгө тийиш. (КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-16)
