# 14-берене. Жардыргыч материалдарды сатып алуу

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153#diff=1250992..1250993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 14-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-14

---

1. Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна төмөнкүдөй юридикалык жактар ээ:

1) жардыргыч материалдарды өндүрүү, сыноо, сактоо, колдонуу жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттери;

2) эгерде бул алардын уставдарында каралса, жардыргыч материалдарды илим-изилдөө, окутуу жана көрсөтүү максаттарында пайдаланган атайын илимий жана окуу жайлары;

3) спорттук, маданий жана аңчылык уюмдары (пиротехникалык курамдарга, ок-дарыга жана аларды камтыган буюмдарга, ошондой эле күчөтүүчү тийиштүү каражаттарга гана).

2. Жардыргыч материалдарды сатып алууга уруксат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилет.

(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-15)
