# 13-берене. Жардыргыч материалдарды сатуу

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 13-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-13

---

1. Жардыргыч материалдарды сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатууга лицензияга, ошондой эле сатылуучу жардыргыч материалдарга сертификаттарга ээ болууга;

2) жардыргыч материалдарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан мындай жардыргыч материалдарды сатып алууга берилген уруксаттарды көрсөткөндө гана сатууга;

3) сатып алынган жана сатылган жардыргыч материалдарды эсепке алууну жүргүзүүгө, ошондой эле эсепке алуу документтерин он жыл бою сактоону камсыздоого;

4) сатылган жардыргыч материалдар жана аларды сатып алуучулар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө;

5) ушул Мыйзамдын 15- жана 16-беренелерине ылайык жардыргыч материалдардын сакталышын, аларды сактоо жана ташуу коопсуздугун камсыздоого.

2. Жардыргыч материалдардын ар бир партиясы пайдалануу документтери, шайкештик сертификаты жана өнөр жайлык сыноо актысы (Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жардыргыч материалдар үчүн) менен сатылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-14)
