13-берене. Жардыргыч материалдарды сатуу
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы · 3-глава
1. Жардыргыч материалдарды сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатууга лицензияга, ошондой эле сатылуучу жардыргыч материалдарга сертификаттарга ээ болууга;
2) жардыргыч материалдарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан мындай жардыргыч материалдарды сатып алууга берилген уруксаттарды көрсөткөндө гана сатууга;
3) сатып алынган жана сатылган жардыргыч материалдарды эсепке алууну жүргүзүүгө, ошондой эле эсепке алуу документтерин он жыл бою сактоону камсыздоого;
4) сатылган жардыргыч материалдар жана аларды сатып алуучулар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө;
5) ушул Мыйзамдын 15- жана 16-беренелерине ылайык жардыргыч материалдардын сакталышын, аларды сактоо жана ташуу коопсуздугун камсыздоого.
2. Жардыргыч материалдардын ар бир партиясы пайдалануу документтери, шайкештик сертификаты жана өнөр жайлык сыноо актысы (Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жардыргыч материалдар үчүн) менен сатылууга тийиш.
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111153/st-13" title="13-берене - Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>