# 10-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153#diff=1250992..1250993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 10-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-10

---

1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүргүзүлөт.

2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөл төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

1) юридикалык жактар тарабынан пайдаланылуучу жайларды (курулмаларды) жана кампа объекттерин иш жүзүндө жана техникалык коргоо боюнча режимдик-күзөттүк иш-чараларга, коркунучтуу жүктөрдү ташууда, аларга куралдуу күзөттү уюштурууда, жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге кызматкерлерге уруксат берүүдө белгиленген талаптардын бузулушун табуу;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жардыргыч материалдарды жүгүртүү тартибин бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу үчүн жардыргыч материалдарды өндүрүүдө, колдонууда, эсепке алууда, сактоодо, сыноодо жана жок кылууда эреже бузууларды аныктоо;

3) жардыргыч материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү табуу жана ага бөгөт коюу.

(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-11)
