# 1-берене. Колдонуу максаттары жана чөйрөсү

- Документ: [Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 110 "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1974/edition/1250991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111153/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө, 1-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү төмөнкү максаттарда жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт:

1) тынчтык максаттарда жарылуу энергиясын пайдаланууну камсыздоо;

2) жардыргыч материалдар менен иштеген персоналдын, калктын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүлктү жана айлана-чөйрөнү коргоо;

3) коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуулардын алдын алуу;

4) Кыргыз Республикасынын жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн төмөнкүлөрдүн жоопкерчилигин белгилөө:

а) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын;

б) жардыргыч материалдарды жүгүрткөн субъекттердин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин.

2. Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылат:

1) өнөр жайлык багыттагы бардык жардыргыч материалдарга;

2) уюштуруу-укуктук формасына карабастан жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө катышкан юридикалык жактарга жана жеке жактарга;

3. Ушул Мыйзамдан күчү аскердик багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө, ошондой эле куралга карата патрондорду жана ок-дарыларды жүгүртүүгө жайылтылбайт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111153/st-2)
