1-берене. Колдонуу максаттары жана чөйрөсү
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү төмөнкү максаттарда жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт:
1) тынчтык максаттарда жарылуу энергиясын пайдаланууну камсыздоо;
2) жардыргыч материалдар менен иштеген персоналдын, калктын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүлктү жана айлана-чөйрөнү коргоо;
3) коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуулардын алдын алуу;
4) Кыргыз Республикасынын жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн төмөнкүлөрдүн жоопкерчилигин белгилөө:
а) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын;
б) жардыргыч материалдарды жүгүрткөн субъекттердин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин.
2. Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) өнөр жайлык багыттагы бардык жардыргыч материалдарга;
2) уюштуруу-укуктук формасына карабастан жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө катышкан юридикалык жактарга жана жеке жактарга;
3. Ушул Мыйзамдан күчү аскердик багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө, ошондой эле куралга карата патрондорду жана ок-дарыларды жүгүртүүгө жайылтылбайт.
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-майындагы № 274 "Ѳнѳр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз…Постановление · 26.05.2016 · № 274 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111153/st-1" title="1-берене - Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>