# КР 2015-жылдын 21-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1973/edition/1197086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 21-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111152

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 21-майы № 109 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111152/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-берененин 2-бөлүгү "Лицензиялык талаптарга" деген сөздөрдөн кийин "экспорттук контролдоо боюнча талаптардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасы "карата" деген сөздөн кийин ", ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1 жана 29-пункттарында каралган уруксаттарга карата" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 16-беренеде:

6-пунктунда "күйүүчү кычкылдандыруучу газдар жана" деген сөздөр алып салынсын; 7-пунктунда "химиялык коркунучтуу" деген сөздөр "таасири күчтүү уулуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 17-беренеде:

13-пунктунда ", сактоо" деген сөз алып салынсын; 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "27) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;"; берене төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын: "27-1) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугу;"; 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "28) Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүү;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111152/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
